Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Администрациянын жана мугалимдердин милдеттери

Администрациянын милдеттери:

Администрация милдеттүү:

  1. Жалпы педагогдордун жана башка жумушчулардын өз кесиби менен иштөөгө, жумуш ордун бекитип берүүгө, өз убагында сабактардын жүгүртмөсү жана графиги менен тааныштырууга;
  2. Ден соолугу жана эмгектин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана жайларды жакшы абалда: жылытуу, жарык берүү, желдетүү жана башка жабдууларды зарыл болгон иш материалдардын болушу менен камсыздоо;
  3. Билим сапатын текшерүүнүн негизинде сабактарга катышуу жана анализ берүү, административдик контролдук иштерди алуу, окуу пландарга,  календарлык пландарга, сабактардын жүгүртмөсүнө, мамлекеттик окуу планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү.
  4.  Жумушчулардын жана окуучулардын техникалык коопсуздугун, өрт коопсуздугун, санитардык-гигиеналык коопсуздук талаптарын жана көрсөтмөлөрүн билүүсүн,аткаруусун контролдоо.
  5. Окуучуларга берилүүчү тамакты  көзөмөлдөө.

Дежур мугалимдин милдеттери:

  1. Дежур мугалим сабак башталганга чейин 30 минута эрте келиш керек.Түн ичиндеги кароолчудан мектептин маалыматын алат. Эгерде мектепте кандайдыр бир кырдаал болсо, мектеп директоруна жана анын орун басарына билдирүү;
  2. Класстык журналдарды, кабинеттин ачык экендигин көзөмөлдөө;
  3. Дежур толтурган журналды текшерип, окуучулардын сабакка кечигүүсүн, келбегендиги жөнүндө мектеп администрациясына билдирүү;
  4. Сырттан келген адамдарды жана ата-энелерди тийешелүү адамдар менен жолуктуруу;

Мугалимдердин милдеттери; 

– окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө үздөн-тү окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына баш иет;

– класста окуу жана тарбиялоо иштерин жүргүзөт;

– окуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт;

– кесиптештери жана окуучулары менен бирдикте педагогикалык этиканын негизинде мамилешет;

– мектептин өнүгүүсүнүн негизги багыттарына активдүү катышат;

– мектептин иш кагаздарын өз убагында жана туура толтурат;

– педагогикалык кещештердин заседаниелерине, педагогикалык консилиумдарга, усулдук кещештин, кафедранын кеңешмелерине, усулдук семинарларга катышат;

– окуу планындагы мектеп компонентине ажыратылган сааттарды аныктоого жана аларды ишке ашырууга катышат;

– мамлекеттик стандарттагы билим беръъ программаларын, окуу пландарын ишке ашырат, окуучулардын окуу материалдарынын сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылат;

– окутуунун жаңы технологияларын жайылтуунун ишке ашырат;

– ата-энелер (алардын ордун басуучулар) менен байланыш түзөт;

-жогорку кесиптик дещгээлде сабактарды өтөт жана сабагынан жетишпеген, артта калган окуучулар үчүн консультацияларды уюштурат;

– окуучуларды олимпиадаларга жана конкурстарга катыштырууга даярдайт;

– класстардагы педагогикалык-психологиялык климаттын жакшырышына өбөлгө түзөт жана класс жетекчилерге педагогикалык жагдайдын жүрүшү боюнча кабарлайт;

– өз билим өркүндөтүү курстарына катышат;

– балдарды коргоонун талаптарынын сакталышын жана жашы жетпегендердин укуктарын, кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылат;

– билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасынын, техникалык коопсуздук эрежелеринин, санитардык гигиеналык режимдердин талаптарынын сакталышын камсыз кылат жана окуучулардын эмгегин коргоого жооп берет;

– окуучулардын окуу жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыз болуусун, алардын сарамжалдуу колдонуусун көзөмөлдөйт;

– билим берүү мекемесиндеги окуу процессинде жана класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү мезгилдеринде бекитилген окуучулардын ден-соолугуна,  коопсуздугуна тикеден-тике жекече жооп берет.