Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Ички тартиби

Окуучулардын милдеттери:

Окуучулар сабакка ак көйнөк жана кара шым, кофта формасында, таза жана тыкан кийимде келүү;

Кыздардыкы:

Ак кофта, кара юбка (классика).

Балдардыкы:

Ак көйнөк, кара шым (классика).

  • Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынан атайын форма жана бут кийим кийишет. Эгер кандайдыр бир себептер менен (ВВК справка болсо)сабактан бошотулууга уруксат берилет.
  • Өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоого;
  • Ички эмгек тартиптин эрежелерин сактоого, өзүн-өзү башкаруу органынын чечимин жана директордун буйруктарын аткарууга;
  • Интернатта жана коомдук жайларда тартиптүү болууга, өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүүгө;
  • Сабакка өз учурунда келүүгө,сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге догдурдан же ата-энеден күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүүгө;
  • Интернаттын мүлкүн сактоого, мектептин айланасындагы жашылдандырууларды сындырбоого;
  • Окуучулардын жана интернатта эмгектенген адамдардын кадыр-баркын сыйлоого.
  • Класстык дежурствого катышууга, коомдук ишти аткарууга.
  • Коюлган ички тартипти, техника коопсуздугунун, санитария жана гигиена эрежелерин сактоого жана колдоого.

Окуучуларга тыюу салынат:

  • Окуучулардын боенуп келүүсүнө;
  • Кыздардын бийик така кийүүсүнө;
  • Кооздук үчүн бижутерияларды тагынууга;
  • Электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
  • Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, токсиндер, тамеки, насвай ж.б)
  • Сабак учурунда телефон колдонууга;
  • Сабактарды себеби жок калтырууга.

 

Эгерде окуучу ички тартипти бузса:

  • Ата-энесине окуучунун жүрүм-турумун билдирүүгө;
  • Ата-энесин мектепке чакырууга;
  • Сөгүш берүүгө;
  • Окуучуну жана ата-энени педсоветке, административдик жыйналышка чакырууга;

Ата-энелердин милдеттери

1.Балдардын окуу куралдары, окуучулук форма жана  бут  кийим  алмаштырууну  камсыз кылууга.

2.Сабактан себепсиз калтырбоого жана кечиктирбөөгө.

3.Мектеп инвентарларын сындырса, же жоготсо төлөп берүүгө.

4.Сабактан кийинки убакытта окуучунун жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга.

5.Эгерде окуучу кымбат жана сенсордук интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар чөнтөк телефон алып келсе, мугалим тарабынан алынып,ата-энеси мектепке чакырылып эскертүү берилет.Эгерде экинчи ирет кайталана турган болсо завуч жана ИДН менен биргеликте акт түзүлүп жыл аягына чейин мектеп администрациясына сакталып турушуна макул болууга.

6.Ата-энелер чогулушунан калбай өз баласынын кызыкчылыгы үчүн катышып турууга.

7.Баласынын сабактарына көз салып, күндөлүктөрүн жума аягында текшерип турууга.

8.Эгерде баланын ден-соолугу психикалык жана физикалык жактан жабыркаса сөзсүз түрдө тиешелүү адистерге кайрылууга милдеттүү.