Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Новости

1-июнь “Эларалык балдарды коргоо күнүнө” карата спорттун Улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык белендеги балдар-уландар адистештирилген спорттук мектебинин ордо Улуттук оюну боюнча уюштурулган биринчилигинде биздин гимназия-интернаттын оюнчулары Чүй облусунан чогулган, эң мыкты деген алты команданын ичинен байгелүү III орунду ээлешти. ЖЕҢИШИҢЕР КУТ БОЛСУН! Машыктыруучусу Молдалиев Ракат Мамбетовичке ыраазычылык билдиребиз!
01.06.2022 1064
Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча Олимпиадалык белендеги балдар-уландар адистештирилген спорттук мектебинин окуучуларынын арасындагы ачык биринчиликте 16-18 жашка чейинки балдар арасында Балтабаев К. II орунду, Эсенжанов Б. жана Асакеев Ж. III орунга ээ болушунар менен куттуктайбыз! Машыктыручусу Кенжеева Элимра Жусубековнага терең ыраазычылык!
31.05.2022 665
“Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз” изилдөө долбоорунун шаардык турунда “Карагай көчөттөрүнө камкордук” темасы менен III орунга ээ болушкан бтология предметинин мугалими Абзиева Айгүл Бейшебаевнаны жана 6-класстын окуучуларын куттуктайбыз! Ийгилигиңиздер артып, дагы көп жеңиштерге ээ болунуздар!
31.05.2022 743
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына жана юбиляр Кыргызыстандык Советтер Союзунун Баатырлары; 1.Чолпонбай Түлөбердиев (1922-1942) -100 жыл; 2.Дайыр Асанов (1922-2009) -100 жыл; 3.Николай Ананьев (1912-1941) -110 жыл; 4.Манзус Ванахун (1907-1943) -115 жылдык маарекелерине карата тарых жана адам коом предметинни мугалимдери тарабынан иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаардык орто мектептеринин тарых предметинин мугалимдери катышышып, окуучуларыбыздын талантына баа […]
29.04.2022 292
Бүгүн 22-апрелде, гимназия-интернатта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата, кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалими Токтосунова Г. С.  5-“А” классынын окуучулары менен биргеликте тарыхый-адабий, музыкалык иш-чара уюштурушуп, жогорку деңгээлде өткөрүштү. Иш – чарага жалпы мугалимдер, окуучулар жана 5-“А” классынын окуучуларынын ата-энелери келип катышып, балдарынын талантына күбө болуп кетишти. Андан тышкары, ар бир класс […]
22.04.2022 254
Кыргызстандын ” эң мыкты окуучусу -2021″ деген аталыштагы Керемет холдинг @keremet_holding компаниясы тарабынан уюштурулган конкурста биздин гимназия-интернаттын 10- классынын окуучусу Тургунова Нурмира дагы кошулганына сыймыктанабыз. Келечегиң кең болуп, дайыма ийгиликтерди багынта бер! _______________________________________________ #bgi_1bilim #mediasabak2022 #mediaburch2022 #мыктыокуучу2022 #КыргызстандынТоп100Окуучусу2022
19.03.2022 332
Эгемен өлкөбүздүн негизги символдорунун бири болгон – туунун 30 жылдык маарекесине карата гимназия-интернаттын мугалим жана тарбиячылары класстык, тарбиялык саатарды өтүштү. Туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору – Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. Мамлекеттик туу кызыл түстө. Ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн […]
03.03.2022 187
Физика, математика жана информатика кафедрасынын декадасынын алкагында 9-11-класстардын арасында “Математикалык сармерден” оюну өткөрүлдү. Математикалык сармерденди уюштурган Кыргыз Улуттук Университетинин математика факультетинин 4-курсунун студенттерине ыраазычылык билдиребиз.
01.03.2022 279
17- февралда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмү Эне тил күнүнө карата №39 мектеп-гимназиясынын базасында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу долбоордук иш-чаралардын кароо-сынагын өткөрүп, биздин гимназия-интернаттын 9- классынын окуучусу Иманкулов Артур 3- орунга ээ болду. ✅Сынактын максаты – балдарды толеранттуулукка тарбиялоо, өлкөдө жашаган бардык улуттардын ортосундагы достук мамилени калыптандыруу, алардын ар биринин тарыхын, каада-салтын баасын […]
27.02.2022 222
Китеп тууралуу кызыктар – Аялдар эркектерге караганда көбүрөөк китеп сатып алышат (68%). – Дүйнөдө сатылган китептердин жарымынан көбүн 45 жаштан ашкан адамдар сатып алышат. – Роман жазууга 500 саат кетет. Команда менен үн чыгарып китеп окуу үчүн эң узак болгон марафон 224 саат болду. – Илимде китеп уурулары библиоклептоман деп аталат. Дүйнөдөгү эң белгилүү китеп […]
14.02.2022 569
Бүгүн гимназия-интернатта “Кыймыл ден-соолукту чыңдайт” деген ураандын астында 9-класстар арасында баскетбол оюну боюнча биринчилик уюштурулду. Ага 9-а, 9-б, 9-в класстарынын балдар командасы катышып, 9-б класс 1-орунду, 9-а класс 2-орунду жана 9-в класс 3-орунду ээлешти.
11.02.2022 187
10-класстын окуучулары Курманбекова Гузел менен Олжобаева Акылай уюштурган «Окуу Лигасы»бугун соңуна чыкты. Бир жума бою мотивация, тайм менеджмент, ораторское чеберчилик, коммуникация, тимбилдинг, максатка жетүү боюнча сабактарга катышып, активдүү окуучуларга сертификаттарды алышты. Сертификаттарды А. Салымбеков атындагы Университетинин директору Жакшылык Бекназаров келип өз колу менен тапшырды. ?Бул программанын максаты кандай? Окуучуларга мотивация берип, эл алдында сүйлөгөндү үйрөтүү. […]
10.02.2022 2 191
1 / 3123