Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Коррупцияга каршы күрөшүү

Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын 2018-2019-окуу жылындагы коррупциялык иштерге каршы жүргүзүлгөн жана аткарылган иштери боюнча маалымат

         Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты Кыргыз Республикасынын президентинин       8-август 2012-жылдагы №153 коррупциялык иштерге каршы чыгарылган мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2-февраль 2012-жылдагы УП №26, 12-ноябрь 2013-жылдагы УП №215 жарлыктарынын негизинде чыгарылган «Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жоопкерчилиги» 24-ноябрь 2017-жылдагы Бишкек шаардык мэриясынын №290 көрсөтмөсүнүн, Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын 29-ноябрь 2017-жылдагы №543 «Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жоопкерчилиги» боюнча буйругун, 24-октябрь 2018-жылдагы №531 «Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бюджеттен тышкары каражаттарынын бөлүгүн пайдалануу» боюнча КР мыйзамдарынын аткарылышы» жөнүндөгү буйругу, КР Билим жана илим министрлигинин  01-октябрь 2019-жылдагы №115/1 Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелерининде «Мыйзамсыз акча чогултууга тыюуу салуу» жөнүндөгү буйругун жана Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын 10-октябрь 2019-жылдагы №710/1 «Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелерининде мыйзамсыз акча чогултууга тыюуу салуу» боюнча чыгарылган буйруктарын аткаруу максатында төмөндөгүдөй иштерди аткарды;

А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатта «Коомдук бирикме», «Камкорчулук кеңеши», «Ата-энелер фонду», «Класстык фонд» уюштурулган эмес. Гимназия-интернаттын төлөмдөрү өздүк эсебине (спец. счет) КР өкмөтүнүн 15-июль 1990-жылдагы №310 токтомунун негизинде жана ар жыл сайын КР Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Республикалык бюджет боюнча мыйзамында көрсөтүлгөн төмөнкү өлчөмдөгү айлык-маянага жараша которуу жолу менен ата-энелер тарабынан төлөнөт. Ɵздүк эсептеги акча каражаты шаардык бюджетти бекиткенде кошо бекитилет жана ошол бекитилген сметага ылайык сарпталат. Ɵздүк эсептеги бардык акча каражатынын кыймылы КР Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын Биринчи Май райондук бөлүмү тарабынан дайыма көзөмөлдөнөт. Ар бир квартал сайын атайын отчет берилип, мониторинг жүргүзүлүп турат.

2018-2019-окуу жылында коррупциялык иштерге каршы түзүлгөн иш планынын негизинде окуу жылынын башында окуучуларды гимназия-интернатка кабыл алууда ар бир ата-эне менен жекече келишим түзүлүп, келишимде гимназия-интернаттын милдеттери;

-ата-эненин милдеттери;

-ата-эненин укуктары;

-төлөмдөр боюнча милдеттери;

келишимди мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу шарттары толук көрсөтүлгөн. Жаңы келген окуучунун ата-энесине мыйзамсыз акча чогултууларга катышпоосун, гимназия-интернатка болгон төлөмдөр КР өкмөтүнүн 15-июль 1990-жылдагы №310 токтомунун негизинде жана ар жыл сайын КР Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Республикалык бюджет боюнча мыйзамында көрсөтүлгөн төмөнкү өлчөмдөгү айлык-маянага жараша төлөнөөрү жана бул төлөмдөрдү маалымат булактарынан ата-энелер кандай жол менен алаарына толук түшүндүрмө берилип турду. Ата-энелердин гимназия-интернатка болгон накталай төлөмдөрү токтотулду, төлөмдөр банк аркылуу гимназия-интернаттын өздүк эсебине ата-энелер тарабынан которуу жолу менен төлөндү жана ата-энелер тарабынан эч кандай нааразычылык пайда болгон жок. Окуучуларды гимназия-интернатка кабыл алуу жана төлөмдөр боюнча атайын маалымат тактасы уюштурулду.

Бардык педагогтор мыйзамсыз акча чогултууга катышпоо жөнүндө коррупциялык иштерге каршы ата-энелер менен бирдикте иш алып баруусу окуу жылынын башында атайын педагогикалык жалпы кеңешмеде каралып, ар бир педагог коррупцияга каршы иш жүргүзүү боюнча мыйзамдар, жоболор, буйруктар менен жекече таанышып, коррупциялык иштерди болтурбоо боюнча түшүнүк алышты.

Кабыл алынган планга ылайык атайын ишеним почтасы иштеди. Окуу жылынын ичинде ата-энелер тарабынан эч кандай арыздар, нааразычылыктар, сунуш пикирлер болгон жок. Класстык жана тарбиялык сааттар өз убагында өтүлүп турду.

Окуу жылынын ичинде окуу завучу Майтыкова Ш. жетекчилиги менен 9-11 класстарда «Коррупция деген эмне?», «Коррупцияны алдын алууга болобу?», «Коррупциянын кесепети» – деген темада атайын эссе жазышты. Быйылкы 2019-2020-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында ушул эле темалар боюнча эссе жазышып, 9-в классынын окуучусу Аланов Эсенгелди, 9-б классынын окуучусу Туратбек уулу Алишер, 10-класстын окуучусу Жанышева Гүлайым, 11-класстын окуучусу Темиров Мирландын жазган эсселери жогорку баага ээ болушту. Ошондой эле 6-11 классынын окуучулары арасында тарбия завучу Дөөлөтбаева Н. жетекчилиги менен коррупциялык иштерге каршы атайын сүрөттөрдүн конкурсу уюштурулду. Конкурста 7-б классынын окуучусу Кубанычбек к. Айдай, 6-б классынын окуучулары Аскарова Асема, Асанова Бегимай, Ɵмүрова Адина тарткан сүрөттөр «жакшы»-деген баага ээ болушту. Ал эми уюштуруу завучу Каныбек у. К. жетекчилиги менен атайын дубал газеталары чыгарылды.

 

                                                                                                                                     

Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпыбилим берүүчү гимназия-интернатынын 4-сентябрь 2019-жылдагы жалпы педагогикалык кеңешмесинин чечимине ылайык коррупциялык иштерге каршы 2019-2020-окуу жылына карата бекитилген иш планы

Аткарылуучуиштер Мѳѳнѳ-тү Аткарылышы Жооптуулар
1 Мыйзамсыз акча чогултпоо жөнүндө жалпы педагогикалык жамаатка, ар бир педагогко жекече жоопкерчилиги боюнча, коррупциялык иштерге каршы мамлекет тарабынанжанажогорудагыжетекчиликтертарабынанталапкылынганмыйзамдарды, жарлыктардыжанабуйруктардыаткаруугатүшүндүрмөберүү Окуу жылынынбашында Жалпы педагогикалык кенешме, чогулуштарды өткөрүү  

 

 

 

 

Администрация

2 Гимназия-интернаттын төлөмдөрү боюнча ата-энелерге атайын жыйын өткөрүү,накталай төлөмдөргө тыюуу салу, төлөмдөрдү которуу жолу менен төлөөгө жетишүү Окуу жылы-нын башын-да План боюнча ата-энелердин чогулушун уюштуруу, каралган маселе боюнча түшүндүрмө берүү  

Директор.

3 Окуучуларды гимназия-интернатка кабыла луу жана ата-энелердин акчалай төлөмдөрү боюнча атайын

маалымат берүү

Июнь айы 2020-жыл Кабыл алуунун шарттарын маалымат тактасына жайгаштыруу  

Директор

4 Ата – энелерден мыйзамсыз акчачогултууга тыюуу салуу Жыл ичи Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү Администрация, классжетекчилер, тарбиячылар.
5 Ата-энелерден жана окуучулардан ар кандай баалуу белектерди алууга, эмгек практикасын акчалай эсептешүүгө тыюуу салуу Жыл  ичи Көзөмөлдү күчөтүү, жыйындарда талкуулоо Администрация
6 Гимназия-интернаттын төлөмдөрүн интернаттын бухгалтериясына окуучулардын төлөөсүнө тыюуу салуу Жыл ичи Төлөмдөрдү ата-энелердин өзүлөрү төлөп туруусуна талап коюуу Директор, администрация, класс жетекчилер, тарбиячылар
7 Коррупциялык иштерге каршы класстык сааттарды, тарбиялык сааттарды өтүү, окуучуларга эссе жаздыруу, ишеним почтасын, маалыматтык бурчтарды уюштуруу жана дубал газеталарын чыгаруу 1-4 чейрек План боюнча  

Класс жетекчилер, тарбиячылар, админис-трация

8 Жаны окуу жылына окуучуларды кабыл алуу шарттарын  гимназия-интернаттын сайтына жайгаштыруу Апрель 2020-ж. Гимназия-интернаттын сайтынын кыймылын кѳзѳмѳлдѳѳ Уюштуруу завучу
9 Коррупцияга каршы иш аракеттери боюнча бекитилген пландын аткарылышын анализдөө Сен-тябрь 2019-ж. Жалпы педагогикалык кеңешмени уюштуруу

 

 

Администрация