Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Ата-энелер үчүн маалымат

Окуучуларды кабыл алуу 

 

№1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатына окуучуларды кабыл   алуу 01.04.2022 ж. баштап 30.09.2022 ж. чейин жүргүзүлөт.

  • Гимназия-интернатына 5, 6, 7, 8, 9-класстардын окуучулары кабыл алынат.
  • Гимназия-интернатка кирүүнү каалаган окуучулар кыргыз тили, орус тили, жана математика сабактарынан жазуу жүзүндө сыноодон өтүшөт.
  • Сынакка кирүү үчүн окуучунун өздүк делосунун көчүрмөсүн жана акыркы окуган жеринен мүнөздөмө алып келүүсү милдеттүү.
  • Эгерде окуучунун ден-соолугу начар өнөкөт оорулары болсо окуучу кабыл алынбайт.
  • Ата-эне окуучунун терс көрүнүштөрүн жашырып гимназия-интернатка жалган маалымат берсе, окуучу гимназия-интернаттан чыгарылат, төлөмдөр кайтарылып берилбейт.
  • Ата-энеси жок же болбосо, мыйзамдуу ата-энелик милдетти аткарган адамдар (опекун) жок учурда окуучу кабыл алынбайт.
  • Ата-эне менен гимназия-интернаттын ортосунда милдеттүү түрдө келишим түзүлөт. (келишимдин көчүрмөсү төмөндө берилген)

Мамлекет тарабынан бир окуучуга кеткен орточо чыгымдар:

 

Жалпы чыгым – 64206 сом 85 тыйынды түзөт. Бул төлөмдөр мамлекет тарабынан каржыланат.

– Бир окуучунун тамагы күнүнө 110 сом, бир айга – 3500  сом, бир жылга – 35000 сомду,

– Комуналдык чыгымдар: бир айга – 1518 сом 69 тыйын, бир жылга 15186 сом 85 тыйын,

– Тарбиялык жана ийримдер үчүн чыгым: бир айга–1402 сом 00 тыйын, бир жылга 14020 сом 00 тыйын, жалпы бир окуу жылындагы бир окуучуга кеткен чыгым64206 сом  85 тыйынды түзөт.

Ал эми 2020-2021 -окуу жылында ата-энелер тарабынан  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 15-июль 1993- ж  №310 токтомуна ылайык төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй болот.

– Окуусуна, жатаканасына жана үч маал берилүүчү ысык тамагына ата-эне бир айга 1923 сом 60 тыйын төлөйт.

Ал эми бир окуу жылына 19236 сом төлөйт.

 

Бардык төлөмдөр банк аркылуу өздүк эсепке которуу жолу менен гана ишке ашат. Накталай төлөмдөр кабыл алынбайт. Окуучунун гимназия-интернатта окуп, жашагандыгы үчүн төлөмдөр жана демөөрчүлүк үчүн төлөмдөр жалпы бир өздүк эсепке төлөнөт.