Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы

№1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатына окуучуларды

кабыл алуу боюнча маалыматтар

  • Гимназия-интернатына 5, 6, 7, 8, 9-класстардын окуучулары кабыл алынат.
  • Гимназия-интернатка кирүүнү каалаган окуучулар кыргыз тили, орус тили, жана математика сабактарынан жазуу жүзүндө сыноодон өтүшөт.
  • Сынакка кирүү үчүн окуучунун өздүк делосунун көчүрмөсүн жана акыркы окуган жеринен мүнөздөмө алып келүүсү милдеттүү.
  • Эгерде окуучунун ден-соолугу начар өнөкөт оорулары болсо окуучу кабыл алынбайт.
  • Ата-эне окуучунун терс көрүнүштөрүн жашырып гимназия-интернатка жалган маалымат берсе, окуучу гимназия-интернаттан чыгарылат, төлөмдөр кайтарылып берилбейт.
  • Ата-энеси жок же болбосо, мыйзамдуу ата-энелик милдетти аткарган адамдар (опекун) жок учурда окуучу кабыл алынбайт.
  • Ата-эне менен гимназия-интернаттын ортосунда милдеттүү түрдө келишим түзүлөт. (келишимдин көчүрмөсү төмөндө берилген)

 

БИШКЕК ШААРДЫК № 1 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ГИМНАЗИЯ – ИНТЕРНАТЫНА ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТӨМӨНКҮ КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ.

№____ АТА-ЭНЕЛЕР КЕЛИШИМИ

Бишкек ш. 201__ ж. «___» ___________

 

Бишкектеги Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаттын атынан Уставдын негизинде иштеген анын директору Байматов Нуркалый Байматович биринчи тарап (мындан ары «Гимназия- интернат» деп аталат) жана окуучунун мыйзамдуу ата-энеси

__________________________________________________________________

(толук аты-жөнү)

паспорту ____ №__________ ______ жылы «__»__________ _____ИИМ берген ______________________________________________________________________________________

(катталган жана жашаган толук дареги, телефону)

________________________________________ экинчи тарап (мындан ары «АТА-ЭНЕ» деп аталат), жана ата-эненин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктуу өкүлү

_____________________________________________________________________________________

(толук аты-жөнү)

паспорту ____ №__________ ______ жылы «__»__________ _____ИИМ берген ___________________________________________________________________

(катталган жана жашаган толук дареги, телефону)

________________________________________ үчүнчү тарап (мындан ары «АТА-ЭНЕНИН » милдетин аткаруучу кабыл алынган окуучу үчүн бир окуу жылына төмөндөгүдөй келишим түзүштү. Келишим ар бир окуу жылында кайрадан жаңыртылып түзүлүп турат.

  1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ

1.1.20__/20____окуу жылында ИНТЕРНАТТА окуу үчүн______________________________________

 (окуучунун аты-жөнү, классы)

бир окуу жылына _______класска кабыл алынат.

1.2. Ушу Келишим тараптар кол койгондон тартып окуучу гимназия – интернаты-20___/ 20____окуу жылын толук бүтүп кеткичекти же болбосо келишим бузулганга чейин күчүндө болот.

  1. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

2.1. ГИМНАЗИЯ-ИНТЕРНАТ МИЛДЕТТҮҮ:

2.1.1. Келишимдин шарттарын аткарууга;

2.1.2. Окуучуга билим алуу үчүн мүмкунчулуккө жараша бардык шарттарды жана жагымдуу психологиялык чөйрөнү түзүп берүүгө;

2.1.3.ГИМНАЗИЯ-ИНТЕРНАТ Келишимдеги шарттарга таянып окуу-тарбия методун эркин тандап алат жана окуучунун сапаттуу билим алуусуна жооптуу болот.

2.1.4. Мамлекеттик стандарттардын талаптарына туура келген жалпы билим берүүчү           гимназия-интернаттын  программасы боюнча мамлекеттик стандарттын деңгээлинде билим алууну камсыз кылууга;

2.1.5. Окуу процессин, профессионал педагогдорду жана автордук программаларды пайдалануу менен жогорку илимий-методикалык деңгээлде уюштурууга;

2.1.6. АТА-ЭНЕЛЕРГЕ- окуган баласынын билим сапаты,тартиби, жүрүш-турушу  ГИМНАЗИЯ-ИНТЕРНАТТЫН талаптарын жана эрежелерин аткарбагандыгы (бузгандыгы) жөнүндө өз убагында толук маалымат берип турууга;

2.1.7. Окуучу ГИМНАЗИЯ- ИНТЕРНАТТА окуган учурунда анын коопсуздугун камсыз кылууга;

2.1.8. Окутуу  учурунда гимназия-интернатта санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын окуучудан талап кылууга жана эрежелердин аткарылышын камсыз кылуга;

2.1.9. Окуучуларды жатакана жана тамак-азыктары мене камсыз кылууну уюштурууга;

2.1.10. Окуучулардын укугун коргоого;

2.1.11. ТАРАПТАРДЫН  макулдашуусу боюнча окуучу сабактар бүткөндө үйүнө өзү бара турган болсо, анда ал  ГИМНАЗИЯ- ИНТЕРНАТТЫН аймагынан чыгып кеткен убактан баштап ага ИНТЕРНАТ жооптуу болбойт;

2.1.12.ИНТЕРНАТ окуучунун жеке мүлкүнүн сакталышына материалдык жоопкерчиликте болбойт, эгерде ал атайын сактоочу жерлерде болбосо;

2.1.13. ТАРАПТАРДЫН ортосунда Келишим түзүлбөсө окуучу ИНТЕРНАТКА кабыл алынбайт;

2.2. АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ:

2.2.1. Ушул Келишимдин шарттарын, гимназия –интернаттын уставыны ылайык талаптарды  жана ата –эненин милдеттерин  аткарууга жана баласынын окуусуна толук шарт түзүп берүүгө,ата-энелер чогулушуна өз убагында үзгүлтүксүз катышууга, гимназия-интернаттын ички жана сырткы күнүмдүк тартибин аткарууга  милдетүү;

2.2.2. Ата –эне баласынын  ден –соолугу , мурунку оорулары (аллергия, өнөкөт, тукумдан келеткан),  алардын натыйжасы  тууралуу толук маалымат берүүгө. Социалдык абалы жөнүндөгү документтерин жана интернатка тиешелүү формадагы медициналык докуметтерди тапшырууга милдеттүү.

2.2.3.Окуу программасын  ийгиликтүү өздөштүрүүгө багытталган ГИМНАЗИЯ- ИНТЕРНАТТЫН жетекчисинин буйругун жана педагогдордун талабын аткарууга жана үзгүлтүксүз  байланыш түзүп турууга  милдеттүү;

2.2.4.Окуучунун сабакты калтыргандыгы тууралуу себептерин ГИМНАЗИЯ- ИНТЕРНАТТКА өз убагында билдирип турууга. Окуучу үйүнө кеткен күндөрү жана каникулдан кийин, окуучуну өз убагында гимназия –интернатка алып келип жоопкерчиликтүү адамга тапшырууга,  үйүнө кеткен учурларды жазуу жүзүндө  гимназия-интернаттын         администрациясы менен ( зав. интернат) биргелешип чечүүгө:

2.2.5.Эгерде окуучу ГИМНАЗИЯ-ИНТЕРНАТТЫН мүлкүнө, ошондой эле библиотека фондусуна зыян келтирсе же бузса аны материалдык түрдө ордуна коюуга милдеттүү.

2.2.6. Ар бир окуу жылынын аякташы менен баласы окуган окуу имараттын жана жашаган  жатаканасын сапаттуу ремонттон өткөрүп берүүсү милдеттүү.

2.3.7. Ата-эненин милдетин убактылуу аткаруучу адам юридикалык жактан тастыкталган ишеним катты тапшыруусу милдеттүү;

2.3.8. Убактылуу ата-энелик милдетти аткарып жаткан адам гимназия- интернатка ар кандай талаптарды жана доомат коюууга укугу жок.Талаптарды жана дооматты окуучунун мыйзамдуу ата-энеси коё алат.

2.3.9.  Окуучунун ата-энеси жана ата-энелик милдетти аткарып жаткан адам гимназия-интернатка: наркологиядан, психоневрогологиялык  диспанцерден, МВД дан жана туруктуу жашаган жеринен маалымат кат (справка) алып келүүсү милдеттүү;

2.3. АТА-ЭНЕНИН УКУКТАРЫ:

2.3.1. ГИМНАЗИЯ- ИНТЕРНАТТАН окуучунун билим сапаты боюнча маалымат алып турууга,   окуу-тарбия ишин өркүндөтүү боюнча сунушун ГИМНАЗИЯ- ИНТЕРНАТТЫН администрациясына жазуу же оозеки түрүндө билдирүүгө;

2.3.2. Түзүлгөн Келишимдеги шарттардын аткарылышын көзөмөлдөөгө;

2.3.3. Келишимди мөнөөтүнөн мурда жокко чыгарууну    талап кылууга;

3.ТӨЛӨМДӨР БОЮНЧА.

3.1. АТА-ЭНЕ баласын ГИМНАЗИЯ-ИНТЕРНАТТА окутуу үчүн  ар бир окуу жылына милдетүү түрдө атайын  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 15-июль 1993- жылдагы №310 токтомунун  негизинде  жана ар жыл сайын кабыл алуунучу  Республикалык бюджет боюнча законунунда бекитилген  эң төмөнкү өлчөмдөгү  айлык маянага жараша төлөмдөрдү төлөп турат.

Төлөнүүчү төлөмдөр мыйзамга ылайык календардык жыл боюнча эсептелинет жана өзгөрүп турат.

3.2. Төлөмдөр гимназия-интернатка которуу жолу менен кабыл алынат.Накталай төлөмдөргө тыйуу салынат.  Төлөмдөр боюнча пайда болгон нааразычылыктарды окуучунун ата-энеси талап кыла алат. Ата-эненин милдетин аткаруучу үчүнчү тарап төлөмдөргө кийлигишүүгө укугу  жок. Төлөмдөрдүн квитанциясынын көчүрмөсү гимназия-интернаттын төлөмдөр боюнча жоопкечиликтүү адамына тапшырылат жана ата-энеде бир окуу жылы сакталат.

3.3.Төлөмдөр өз убагында төлөнбөсө окуучу гимназия-интернаттан чыгарылат жана төлөнбөгөн төлөмдөрдүн  ордун толуктоону  мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан ишке ашырылат.

3.4. ГИМНАЗИЯ-ИНТЕРНАТТЫН  уставынын 10.11. жана 11.2. негизинде ата –эне өз ыктыйары менен баласы (кызы) окуган гимназия – интернаттын окуу тарбия иштерин жана жашоо шартын жакшыртуу максатында  жылына бир жолу  жардам бере алат.

3.5. Ата-эне окуу жылынын ичинде милдеттүү түрдө эки жолу(ноябрь, апрель) окуучунун билим сапатын текшерүү боюнча сынактын кошумча төлөмдөрүн КР Билим жана илим министирлиги тарабынан бекитилген өлчөмдө төлөйт.

3.6. Ата-эне окуу жылынын ичинде баласы ар кандай маданий массалык иш чараларга окуу тарбия планына ылайык жиберилсе жол киресин жана билеттин баасын төлөп берүүгө милдеттүү.

 3.7.Келишимдин шарттары ТАРАПТАР үчүн милдеттүү юридикалык күчүндө болот жана аны өз ара макулдашуу менен гана өзгөртүүгө болот.

  1. КЕЛИШИМДИ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖОККО ЧЫГАРУУ НЕГИЗДЕРИ

4.1. Келишим эки нускада түзүлүп, биринчиси ИНТЕРНАТТА, экинчиси АТА-ЭНЕДЕ сакталат.Талаптардын өз демилгеси менен төмөнкү шарттарда жокко чыгарылышы мүмкүн;

4.1.1. АТА-ЭНЕНИН талабы боюнча (жуйөөлү себептер менен).

4.1.2. АТА-ЭНЕ жана окуучу келишимдин шартын жана интернаттын уставындагы

          талаптарды аткарбаса, баласы ички тартипти бузгандыгы тастыкталса;

4.1.3. Окуучу себепсиз сабактарды үзгүлтүккө учуратса , сабак өздөштүрүүсү начар болсо окуу жылынын жыйынтыгы менен жана эмгек практикасын аткаруудан баш тартса  окуудан чыгарылат жана келишим бузулат.

4.1.4. Ата-эне гимназия-интернатка жалган маалыматтарды берип алдаса жана ата-эненин милдетин аткаруучу адам өз алдынча гимназия-интернаттын ишине кийлигишсе;

4.1.5. ТАРАПТАРДЫН макулдугу боюнча, Келишимди мөөнөтүнөн мурун жокко чыгаруу жөнүндө чечимин биринчи – демилге көтөргөн тарап, экинчи тарапка 30 календардык күндөн кеч эмес убакта билдирүүгө тийиш.

4.1.6.Келишим билдирүү убактысы жок тез арада токтотулат. Окуучу гимназия-интернатта тыйуу салынган иштерди жазаса: алкаголдук ичимдиктер, тамеки (насвай) жардыргыч заттарды, ок атылуучу курал, наркотикалык буюмдарды алып жүргөнү жана бирөөгө берүүсү байкалса, өзү менен чоогу окуган окуучуларды коркутса, тоносо, салык салса, буюмдарын тартып алса жана чөйрөгө тез таасир бере турган иштерди жазаса мамлекеттик мүлктү бүлдүрсө, келишим тез арада токтотулуп окуучу окуудан чыгарылат.

Ата-энесине жана ата-энелик милдетти аткаруучу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө атайын гимназия-интернаттын түзүлгөн комиссиясынын катышуусунда өткөрүлүп берилет. ИДНдин кызматкерлерине билдирилет.

  1. ТАРАПТАРЫН ДАРЕГИ жана КОЛУ:
ЖАЛДООЧУНУН юридикалык дареги:

А. Каниметов атындагы №1жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,

Жибек-Жолу көч., № 625

Тел: 34-47-01,  34-45-16

_________________

(колу)

 

 

201_ «___»_____________

М.О.

 

Ата-эненин жана ата эненин милдетин

аткаруучу адамдын дареги:

Кыргыз Республикасы, 1._______________________________                             _______________________________

_______________________________                       _______колу_________20__ж

2._______________________________

_______________________________

_______________________________

________________________________

                _________________(колу)____________20____

201_ «___»_____________