Бишкек шаарындагы А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

1-июнь "Эларалык балдарды коргоо күнү"
"Эл аралык балдарды коргоо күнү" жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул майрам 1949-жылдын ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган. Эң биринчи жолу бул майрам 1950-жылы өткөрүлгөн. Майрамдан тышкары барлдарга жыл сайын 20-ноябрда өтүүчү "Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү" да арналган. "Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү" ("Эл аралык балдарды коргоо күнү" менен алмаштырбагыла) - эл аралык майрамдардын эң улуусу десек ашык болбос, бул майрам 1925-жылдан бери белгиленип келет. Ал эми "Эл аралык балдарды коргоо күнүнө" кайрылсак, Экинчи Дуйнолук согуштан кийин, качан балдардын ден-соолугун жана саламаттыгын сактоо маселеси актуалдуу болуп, ар кандай балдар арасында оорулар күчөп, тартип бузуулар, ал гана эмес оор мыйзам бузуулар маселеси кабыргасынан турган кезде 1949-жылы Парижде өтүлгөн аялдардын конгрессинде балдардын тынчтыгын сактоого күрөш жүргүзүүгө ант айтылат. Бир жыл өткөн соң 1950-жылдын 1-июнунда эң биринчи Эл аралык балдарды коргоо күнү өткөрүлөт, ошол күндөн тартып бул майрам жыл сайын белгиленип келет. Эл аралык балдар күнүнүн желеги бар. Өсүүнү, жаныланууну жана жемиштүүлүктү символдоштурган жашыл фондогу жер шарынын тегерегинде стилдештирилген кызыл, сары, көк, ак жана кара түстөгү адамдардын фигуралары жайгаштырылган. Бул адамдын фигуралары ар түрдүүлүктү жана чыдамдуулукту символдоштурат. Ал эми ортосунда жайгашкан жер шары - бул биздин жалпы үйүбүздүн символу. Советтер союзунун убагында 1-июнда мектептерде окуучулар үчүн жайкы эс алуулар башталып, балдар күнүн дискуссия жана балдардын аман-эсен, ден-соолукта болуусун талкуулашчу. Балдар үчүн телепередачалар жана кинофильмдер көрсөтүлүп, спорттук мелдештер уюштурулуп, көп учурда мындай иш-чараларга ата-энелер балдары менен чакырылчу. Албетте, бүгүнкү күндө да балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш чаралар борбор шаарларда мамлекеттик, райондордо райондук денгээлде өткөрүлүп келет. Ал эми Кыргызстанда болсо бул майрам жогорку деңгээлде белгиленип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мектеп, маданият, китепкана жана башка көптөгөн мекемелер тарабынан бул күнү балдарга майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, спорт оюндары ойнотулуп, таалим-тарбиялуу фильмдер жана мультфилмдер көрсөтүлүп, кичинекей биздин келечектин ээлери үчүн жакшынакай чакан концерттер коюлат. Булак Tyup.net
2019-2020-окуу жылынын аякташы менен бүтүрүүчүлөргө арналып ар жыл сайын өткөрүлүп туруучу "Акыркы коңгуроо" аземи бул жылы өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өткөрүлгөн жок. Бирок, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, "Акыркы коңгуроо" аземи онлайн форматта өткөрүлдү. Ага ылайык Бишкек шаардык А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын директору жалпы администрация мүчөлөрү менен биргеликте, окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын аякташы менен куттуктап, каалоо тилектерин айтып өтүштү. №1 ЖББГИнин директору Б. Н. Байматович: -Урматтуу бүтүрүүчүлөр, 2019-20-окуу жылын аяктап жатып, Бишкек шаардык А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынан жетимиш бир бүтүрүүчүнү толук эмес жана толук орто билим берип бүтүрүп жатабыз. Алардын ичинен алтымыш окуучу 9-класстын, он бир окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрүсүңөр. Эми, бул окуу жылындагы "Акыркы коңгуроо" аземи өлкөдөгү гана эмес дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жылдагыдан башкачараак өтүп жатат. Себеби дегенде, адамдын өмүрү бардыгынан кымбат турат, аны баардыгыбыз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан биздин гана эмес, бардык окуучулардын өмүрүнө, ден соолугуна кам көрүү максатында ушул кадамга барып, онлайн режими менен силерди куттуктоого туура келип жатат. Бардыгынарга ийгилик каалайм, келечегинер кең болсун. Билим алууну эч качан токтотпогула, мындан ары да билимиңерди улантып, келечекте мыкты инсандардан болушунарга тилектешмин. Ал эми калган гимназия-интернаттын окуучуларына ден соолук каалайм, оорубагыла, аман-эсен 1-сентябрда мектептин алдындагы линейкадан баарыбыз жолугушалы. Каникулду жакшы өткөрүп, жакшы эс алгыла. Учурда катталып жаткан ооруну жуктуруп алуу коркунучунан сак болгула. АК ЖОЛ силерге урматтуу бүтүрүүчүлөр!-деп сөзүн жыйынтыктады. Андан тышкары, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары М. Ш. Кайбылдаевна, жатакана жетекчиси Омурскова Майрамкуль, илимий иштер боюнча директордун орун басары М. Ж. Кусейиновна о.э кыргыз тили жана адабияты мугалими Турусбекова Төркүнбү өз куттуктоолорун жолдоп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап өтүштү.
Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде!
Мамлекеттик Туу күнү.
Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин өзүнө таандык мамлекеттик атрибуттары - Герби, Гимни, Туусу бар. Маанилүү мамлекеттик ар кандай иш-чаралар, жыйындар, салтанаттар ар дайым ушул атрибуттар менен коштолуп өткөрүлөөрүн силер жакшы билесиңер. Алгачкы Гимн байыркы Грецияда кудайлардын урматына жазылган, ал эми Герб, Туу болсо байыркы мамлекеттердин дээрлик бардыгында болгон. Совет доорунда СССРдин жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын өздөрүнө таандык расмий белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын мамлекеттик атрибуттарын да жаңылантуу зарылчылыгы келип чыгат. Аны иштеп чыгуу үчүн республикалык масштабда конкурс жарыяланып, конкурска 300гө жакын сунуш келип түшөт. Ошентип, 1994-жылы 14-январда Кыргыз Республикасынын Герби кабыл алынган. Герб тегерек формада болуп, чекебели пахта жана буудай менен курчалган. Анын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасы деген жазуу бар, алдыңкы планда кыргыз эли аздектеген, эркиндиктин символу - канатын жайган бүркүт, арткы фондо чалкыган ыйык Ысык-көлүбүз, анын жээги Алатоо менен курчалып, тоо башында нурун чачыратып чыгып келаткан күн чагылдырылган. 1992-жылдын 3-мартында Алатоо аянтында Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет мамлекеттин Туусу (туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков) желбиреди. Адамзаттын өмүр жолунда мамлекеттик түзүлүштүн эң башкы белгиси катары Туу эсептелген. Тууну эл ардактап сактап, душманга алдырбоого аракеттенишкен. Кыргызстандын туусунун өңү кызыл, анын дал ортосунда жайгашкан күн менен түндүк бийиктик менен биримдиктин символу катары чагылдырылган. Ал эми тегерете күн желесиндей чачыраган нурлар кырк уруу кыргыздын түпкүлүгүн баяндайт. Кыргыз Республикасынын Гимни кабыл алынган күн - 1992-жылдын 18-декабры. Анын сөзүн кыргыз эл акыны Ж. Садыков жана Ш. Кулуев, музыкасын болсо белгилүү композиторлор К. Молдобасанов менен Н. Давлесов жазышкан. Гимнде негизинен кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилеги, тарыхый басып өткөн жолундагы эрдиги, элдердин достугу, ынтымагы, келечеги чагылдырылган.

Новости

1-июнь "Эларалык балдарды коргоо күнүнө" карата спорттун Улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык белендеги балдар-уландар адистештирилген спорттук мектебинин ордо Улуттук оюну боюнча уюштурулган биринчилигинде биздин гимназия-интернаттын оюнчулары Чүй облусунан чогулган, эң мыкты деген алты команданын ичинен байгелүү III орунду ээлешти. ЖЕҢИШИҢЕР КУТ БОЛСУН! Машыктыруучусу Молдалиев Ракат Мамбетовичке ыраазычылык билдиребиз!
Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча Олимпиадалык белендеги балдар-уландар адистештирилген спорттук мектебинин окуучуларынын арасындагы ачык биринчиликте 16-18 жашка чейинки балдар арасында Балтабаев К. II орунду, Эсенжанов Б. жана Асакеев Ж. III орунга ээ болушунар менен куттуктайбыз! Машыктыручусу Кенжеева Элимра Жусубековнага терең ыраазычылык!
"Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз" изилдөө долбоорунун шаардык турунда "Карагай көчөттөрүнө камкордук" темасы менен III орунга ээ болушкан бтология предметинин мугалими Абзиева Айгүл Бейшебаевнаны жана 6-класстын окуучуларын куттуктайбыз! Ийгилигиңиздер артып, дагы көп жеңиштерге ээ болунуздар!

Мы в цифрах

66
жыл
314
Окуучулардын саны
70
Бүтүрүүчүлөр (жылына)
15608
Китептердин саны