УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 77 жыл!
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына жана юбиляр Кыргызыстандык Советтер Союзунун Баатырлары;
1.Чолпонбай Түлөбердиев (1922-1942) -100 жыл;
2.Дайыр Асанов (1922-2009) -100 жыл;
3.Николай Ананьев (1912-1941) -110 жыл;
4.Манзус Ванахун (1907-1943) -115 жылдык маарекелерине карата тарых жана адам коом предметинни мугалимдери тарабынан иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаардык орто мектептеринин тарых предметинин мугалимдери катышышып, окуучуларыбыздын талантына баа берип, ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.
P.S. 1941-жылы 22-июнда таңкы 3 төн 30 мүнөт өткөндө фашисттер СССРге согуш жарыялабастан басып киришкен. Советтер Союзуна кол салууга 190 дивизия менен кирген, анын 37 си Германиянын союздаштарына таандык болгон. Бул согуш советтик тарыхта «Улуу Ата Мекендик согуш» деген ат менен белгилүү. Кыргызстан да союздук республикалардын катарында 16 жаштан 50 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдү согушка даярдап, жөнөтүп жатышты. Кыргызстан согуш башталгандан бүткөнгө чейин 380 миңден ашык уул-кыздарын жөнөтүшкөн. Анын 1395 аял болгон. Кыргызстандыктардан 385-аткычтар дивизиясы, 40 жана 153- аткычтар бригадалары кыргызстандык жана казакстандык жоокерлерден турган 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы, 107-, 108-, 109-улуттук аткычтар полктору ж.б.учкучтар полктору, айрым батальондор түзүлгөн.
Жыйынтыктап айтканда II дүйнөлүк согушта 61 мамлекет, дүйнөнүн калкынын 80% катышкан. Адамзат тарыхындагы эң кандуу, кыйраткыч согушта СССРден 27 млн адам курман болгон. Согуш жылдарында көрсөткөн эрдиктери үчүн Кыргызстандык 73 жоокер, анын ичинен 13 кыргыз Советтер Союзунун Баатыры наамга татыктуу болгон. 100 миңден ашык жоокер СССРдин орден медалдары, 34 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланышты.
Комментарии