Окуучулардын милдеттери:
Окуучулар сабакка ак көйнөк жана кара шым, кофта формасында, таза жана тыкан кийимде келүү;
Кыздардыкы:
Ак кофта, кара юбка (классика).
Балдардыкы:
Ак көйнөк, кара шым (классика).
- Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынан атайын форма жана бут кийим кийишет. Эгер кандайдыр бир себептер менен (ВВК справка болсо)сабактан бошотулууга уруксат берилет.
- Өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоого;
- Ички эмгек тартиптин эрежелерин сактоого, өзүн-өзү башкаруу органынын чечимин жана директордун буйруктарын аткарууга;
- Интернатта жана коомдук жайларда тартиптүү болууга, өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүүгө;
- Сабакка өз учурунда келүүгө,сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге догдурдан же ата-энеден күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүүгө;
- Интернаттын мүлкүн сактоого, мектептин айланасындагы жашылдандырууларды сындырбоого;
- Окуучулардын жана интернатта эмгектенген адамдардын кадыр-баркын сыйлоого.
- Класстык дежурствого катышууга, коомдук ишти аткарууга.
- Коюлган ички тартипти, техника коопсуздугунун, санитария жана гигиена эрежелерин сактоого жана колдоого.
Окуучуларга тыюу салынат:
- Окуучулардын боенуп келүүсүнө;
- Кыздардын бийик така кийүүсүнө;
- Кооздук үчүн бижутерияларды тагынууга;
- Электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
- Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, токсиндер, тамеки, насвай ж.б)
- Сабак учурунда телефон колдонууга;
- Сабактарды себеби жок калтырууга.
Эгерде окуучу ички тартипти бузса:
- Ата-энесине окуучунун жүрүм-турумун билдирүүгө;
- Ата-энесин мектепке чакырууга;
- Сөгүш берүүгө;
- Окуучуну жана ата-энени педсоветке, административдик жыйналышка чакырууга;
Ата-энелердин милдеттери
1.Балдардын окуу куралдары, окуучулук форма жана бут кийим алмаштырууну камсыз кылууга.
2.Сабактан себепсиз калтырбоого жана кечиктирбөөгө.
3.Мектеп инвентарларын сындырса, же жоготсо төлөп берүүгө.
4.Сабактан кийинки убакытта окуучунун жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга.
5.Эгерде окуучу кымбат жана сенсордук интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар чөнтөк телефон алып келсе, мугалим тарабынан алынып,ата-энеси мектепке чакырылып эскертүү берилет.Эгерде экинчи ирет кайталана турган болсо завуч жана ИДН менен биргеликте акт түзүлүп жыл аягына чейин мектеп администрациясына сакталып турушуна макул болууга.
6.Ата-энелер чогулушунан калбай өз баласынын кызыкчылыгы үчүн катышып турууга.
7.Баласынын сабактарына көз салып, күндөлүктөрүн жума аягында текшерип турууга.
8.Эгерде баланын ден-соолугу психикалык жана физикалык жактан жабыркаса сөзсүз түрдө тиешелүү адистерге кайрылууга милдеттүү.