1 – декабрь – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДке КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ!
ВИЧ деген эмне?, оору жөнүндө айтсак көп адамдар ВИЧ менен СПИД оорусун бир оору деп эсептешет, бирок ал андай эмес. Ким ооруп калышы мүмкүн, жана жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүү зарыл? ВИЧ – орус аббревиатурасынан1 келип, “вирус имуннодефицита человека” деп чечмеленелет, кыргызчасы “адамдын имуннодефицит вирусу” (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.
СПИД деген эмне? чечмелениши “синдром приобретенного иммуно дефицита”, кыргызча которулушу “кабылданган иммун жетишсиздик синдрому” (КИЖС).
Иммунитет бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.
ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат
ВИЧти жуктуруп алуу жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет, бирок аталган оору 3 жол аркылуу гана жугушу мүмкүн, жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.
ВИЧ кандай учурда жукпайт?
Тиричилик жашоодо саламдашып, бирге тамактанганда, аба аркылуу же жөтөлгөндө, өбүшкөндө, кучакташканда адистер жукпайт дешет.
Комментарии