Администрациянын милдеттери:
Администрация милдеттүү:
- Жалпы педагогдордун жана башка жумушчулардын өз кесиби менен иштөөгө, жумуш ордун бекитип берүүгө, өз убагында сабактардын жүгүртмөсү жана графиги менен тааныштырууга;
- Ден соолугу жана эмгектин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана жайларды жакшы абалда: жылытуу, жарык берүү, желдетүү жана башка жабдууларды зарыл болгон иш материалдардын болушу менен камсыздоо;
- Билим сапатын текшерүүнүн негизинде сабактарга катышуу жана анализ берүү, административдик контролдук иштерди алуу, окуу пландарга, календарлык пландарга, сабактардын жүгүртмөсүнө, мамлекеттик окуу планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү.
- Жумушчулардын жана окуучулардын техникалык коопсуздугун, өрт коопсуздугун, санитардык-гигиеналык коопсуздук талаптарын жана көрсөтмөлөрүн билүүсүн,аткаруусун контролдоо.
- Окуучуларга берилүүчү тамакты көзөмөлдөө.
Дежур мугалимдин милдеттери:
- Дежур мугалим сабак башталганга чейин 30 минута эрте келиш керек.Түн ичиндеги кароолчудан мектептин маалыматын алат. Эгерде мектепте кандайдыр бир кырдаал болсо, мектеп директоруна жана анын орун басарына билдирүү;
- Класстык журналдарды, кабинеттин ачык экендигин көзөмөлдөө;
- Дежур толтурган журналды текшерип, окуучулардын сабакка кечигүүсүн, келбегендиги жөнүндө мектеп администрациясына билдирүү;
- Сырттан келген адамдарды жана ата-энелерди тийешелүү адамдар менен жолуктуруу;