Общеобразовательная гимназия-интернат №1 имени А. Каниметова (ПОЖАЛУЙСТА, ПЕРЕЙДИТЕ НА ВЕРСИЮ ПО КЫРГЫЗКИ. КЫРГЫЗ ТИЛИН ТАНДАҢЫЗ)

О нас


О нас
Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1
жалпы билим берүүчү гимназия — интернаты тууралуу жалпы маалымат

Аталган мектептин негизделген жылы- 1956-жыл, ал эми 1992-жылы гимназия статусуна ээ болуп,  2000-жылы 16 жылдан ашык убакыт боюу билим берүү министри болуп иштеген жана билим берүү тармагына эмгеги синген Абдылда Каниметовдун ысымы берилген.

А. Каниметов атындагы №1  гимназия — жатак мектеби Кыргыз Республикасынын Президентинин 26.07.1997 жылдагы № 246 — указынын негизинде  малчылардын, тамекичилердин өзгөчөлөнгөн таланты бар айыл жергесинен келген балдар  үчүн ачылган.

Окуучулар республиканын бардык аймактарынан келишкен, азыркы учурда окуучулардын саны-314.  Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн гимназиялар үчүн базистик окуу планынын негизинде мектептик компоненттин эсебинен чыгыш тилдери окутулат.

Айыл жеринен келген окуучулардын жана ата-энелердин өтүнүчүн жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен 1992-ж. япон. 1999-ж. араб. 2008-ж. тартып кытай тилдери экинчи  чет тили катары 5-класстан 11 – класска чейин окутулат.