Туунун 30 жылдыгы!
Эгемен өлкөбүздүн негизги символдорунун бири болгон — туунун 30 жылдык маарекесине карата гимназия-интернаттын мугалим жана тарбиячылары класстык, тарбиялык саатарды өтүштү.
Туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган.
Авторлору — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
Мамлекеттик туу кызыл түстө. Ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагы, анын ичине боз үйдүн түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.
Авторлордун белгилешинче, туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк — үй кутунун символу. Кырк нур — байыркы кырк уруунун биримдиги.
Комментарии