Общеобразовательная гимназия-интернат №1 имени А. Каниметова (ПОЖАЛУЙСТА, ПЕРЕЙДИТЕ НА ВЕРСИЮ ПО КЫРГЫЗКИ. КЫРГЫЗ ТИЛИН ТАНДАҢЫЗ)

Психологдун кеңештери

Баш айланткан ылдамдык менен өзгөрүлгөн доорубузда илимий жана технологиялык жаңылыктар, коомдогу ар тараптуу өнүгүүлөр, элдин жашоо образын болуп көрбөгөндөй хаостук татаал абалга алып келди. Мунун натыйжасында жаш муундарды жашоо- турмушка, келечекке даярдоо, алардын жөндөмдүүлүктөрүн байкап, туура баалап, туура колдонулуусун пландоо, өтө тездик менен өзгөргөн жана татаалдашкан коомго ылайык, ийкемдүү, жашап кете ала турган муун болуусуна камкордук көрүү зарылдыгы келип чыкты. Буга байланыштуу бүт дүйнөдө мектептерде психологиялык консультация иштерин жандантуу иши өтө тездик менен өсүүдө. Психологиялык консультация жана даанышмандык (кеңеш берүү) кызматтары албетте балага түрдүү кырдаалдарга жараша психологиялык жактан колдоо көрсөтүп жардам берүүнү көздөйт. Бул кызмат окуучунун өзүн -өзү таанып, түшүнүүсү, эмне каалаганын билүүсү, проблеманы чечүүсү, чындыкка жакын/ реалдуу чечим кабыл алуусу, өз билимин өзүнүн жекече өзгөчөлүгүнө жараша өнүктүрүүсү, айланасындагы инсандар менен жакшы мамиледе болушу, ошону менен бирге өзүнүн жекече «мен» көз карашын калыптандыруусу үчүн атайын билими бар психологдор тарабынан берилет. «Мектеп психологу ким?» дегенде, «негизги милдети окуучуга жол көрсөтүүчү, психологиялык кеңеш берүүчү психолог- консультант»- деп жооп бере алабыз. 

Эгерде силер психологдун кеп-кеңештерине муктаж болуп жатсанар, төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерлер аркылуу мектеп психологу Мусаева Женишкүл Кусейиновна менен байланыша аласынар.Психологдун кеңештери

ОКУУЧУЛАРГА ПСИХОЛОГИЯЛЫК КЕҢЕШТЕР

 

МУГАЛИМДЕРГЕ СУНУШТАР