Айтматов жана Алыкул
12-декабрь Кыргызстандын улуттук адабият күнү. Бул күндүн урматына утурлай Бишкектеги А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия – интернатында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана алп акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Иш-чара “Кыргыз тили жана адабияты” усулдук бирикмеси тарабынан 11-класстын окуучуларынын жардамы менен уюштурулду. Окуучулар жазуучу менен акындын чыгармаларын аткарышып, кыргыз адабиятындагы алардын орду толгус эмгектерин айтып беришти.
12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн. Ушул эле күнү акын Алыкул Осмонов дүйнөдөн өткөн. Белгилей кетсек 2011-жылы Жогорку Кеңеш 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп белгиленген.
Комментарии